Малайзиянын экс-премьер-министри 12 жылга кесилди

Нажиб Разак Куала-Лумпурдун сотуна жеткирилген учур. 4-июль, 2018-жыл

Малайзияда сот 1MDB фондунун тегерегиндеги бир нече миллиард долларлык чууга байланыштуу мурдагы премьер-министр Нажиб Разакты 12 жылга эркинен ажыратты.

Судья Мохамад Газали 28-июлда Нажибди «Арам акчаны адалдаштыруу», «Кызматынан кыянатчылык менен пайдалануу», «Ишенимге кылмыштуу жол менен кирүү» деген беренелер боюнча күнөөлүү деп тапты. Ага ошондой эле 49,3 миллион доллар айып чегерилди.

Нажиб өзү 2009-жылы Малайзиянын экономикалык өнүгүшүн тездетүү максатында ачкан 1MDB фондунан уурдалган акчага тиешеси жок экенин айтып келет.

Тергөөчүлөр бул фонддон кеминде 4,5 миллиард доллар уурдалып, татаал операциялар аркылуу адалдаштырылганын айтышкан. Ал акчага зер буюмдар, кымбат баалуу мүлк, яхталар жана турак жайлар алынган.

Нажиб Разак камаларда, 2018-жылы «Reuters» агенттигиндеги маегинде үйүнөн табылган 300 кутуча зер буюмдар жана кымбат баалуу сумкалар аялына жана кызына келген белектер экенин айткан. Ал ошондой эле күйөө баласы, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Данияр Назарбаев да он миңдеген долларлык сумкаларды белек кылганын кошумчалаган.

Нажиб Разак Малайзия өкмөтүн 2009-жылдан 2018-жылга чейин башкарган.