Ошто коон-дарбыз өтпөй калды

Ак төөнүн карды жарылып, коондун аңкыган жыты талааны каптап турган учуру. Отуз-Адыр аймагы.

Коронавирус пандемиясынан улам аш-той токтоп, коон-дарбыз жана башка жашылча-жемиш талаада калды.

Быйыл помидор да арзан. Дүң базардан бир килограмм помидорду 7-10 сомго сатып алса болот.

Дыйкандар быйыл коон-дарбыз өстүрүүгө кеткен каражат акталбай, эмгеги күйүп кеткенин айтып даттанышууда. 

Дыйкандын талаадагы убактылуу турагы. 

Талаада саман чогултуп жаткан балдар.

Сатыкка даярдалып үзүлгөн коондор. 

Эгин талаасында бышып жаткан помидорлор.

Ошто жол боюндагы коон-дарбыз саткан базарда бир коонду 100 сомго алса болот же ушул эле суммага эки-үч даана дарбаз сатып алса болот. 

Сатуучу.

Портер - дыйкандар үчүн табылгыс машине. Бул унаа менен мал, эгин, көмүр ташып тим болбостон, айрым дыйкандар үчүн соода жайы да болот. 

Кардар күткөн сатуучулар.

Ош шаарындагы жол боюндагы коон-дарбыз саткан базар.  

Буудайы жыйылган соң топону малга тоют болот.