Жогорку сот: Кээ бир жазык иштери видео байланыш аркылуу каралып жатат

Видео байланыш аркылуу өтүп жаткан сот. Бишкек.

Кыргызстанда жазык иши боюнча соттолуучу адамды сот залына алып келишпесе жараян видео байланыш аркылуу уюштурулуп жатат. Бул тууралуу 28-июлда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек шаарынын соттору мындай тартипке 7-июлда өткөн. Бир нече күн ичинде борбор шаарда жазык иштери боюнча «дистанттык сот отурумдары» порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч түшкөн. Ал иштер боюнча 49 сот отуруму өттү.

Жогорку сот жазык иштери аралыктан каралып жатканын катышуучулардын топтолушун азайтуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ аракети менен түшүндүрүп, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучуларды сот залына алып келүүнү COVID-19га байланыштуу убактылуу токтотконун билдирди.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин маалымат технологиялары боюнча «Адилет сот» мекемеси быйыл 1-июнда жазык жана жорук иштери боюнча «дистанттык сот отурумдары» порталын ишке киргизген. Анын максаты сот отурумун оптималдаштыруу жана катышуучулардын убактысын рационалдуу пайдалануу экени айтылган.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 33 844 адамга жукту, алардын 22 296сы айыгып чыкты, 1 329у каза болду.

Кой-Таш окуясы боюнча сот соттолуучулар жана кээ бир адвокаттар келбегендиктен эки жолу башка күнгө которулду. (RK)