Коомчулукка финансы тармагы боюнча адис, кеңешчи катары таанылган жана бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген Айдар Мокенов 27-июлда узакка созулган оорудан кайтыш болду.
Жакындары маркумдун сөөгү 28-июлда жерге берилерин билдиришти. Маалыматка караганда, 57 жаштагы Мокенов көптөн бери ооруп жүргөн.
Мыкты финансист-адис катары таанымал Айдар Мокенов 1999-2001-жылдары «Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти болгон.
2005-жылы өкмөткө караштуу Маалымат ресурстары жана технологиялар агенттигин, 2012-2013-жылдары «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын жетектеген.
2008-2009-жылдары Экономикалык өнүгүү министринин орун басары кызматын аркалаган. Эмгек тажрыйбасында мындан башка бир топ кызматтарда иштеп, бир катар мекемелерде финансылык-экономикалык кеңешчи болгон.
Айдар Мокеновдун артында жубайы, төрт баласы калды. (NT)