Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда аба каттамдары 1-августта ачылары кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу түркиялык 27-июлда «Ихлас» кабар агенттигине Түркиянын транспорт министри Адил Караисмаилоглу маалымат берди. Анда министр: «1-августтан баштап Түркиядан Орусияга, Кувейтке, Индияга жана Түштүк Африкага каттамдар ачылат. Оорунун жүрүшүнө жараша Кыргызстанга, Өзбекстанга, Туниске, Алжирге, Иракка жана Кенияга рейстер башталары күтүлөт», - деп айткан.

Ал эми Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев авиа каттамдар боюнча эки өлкөнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

«Бул тема боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түрк тараптан жана биз тараптан макулдук бар. Учурда жумасына канча рейс болору боюнча такталган сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз да 1-августтан баштап авиа каттамдарды ачууга аракет кылып жатабыз».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон.

Пандемия башталгандан бери, март-июнь аралыгында Түркиядан Кыргызстанга бир канча чартердик каттам уюштурулган. Эки миңден ашык жаран мекенине кайтарылган.

Буга чейин Түркиянын «Turkish Airlines», «Pegasus» авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарын 1-июлдан тартып калыбына келтирүүнү сунуш кылган. (ElB)