Аянттар менен мечиттерде айт намазы окулбайт

Ош шаарындагы мечиттердин бириндеги айт намазы. Рамазан айынын аягы. 5-июнь, 2019-жыл.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Курман айтта айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Мындай чечим COVID-19 вирусунун жайылышына, мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында кабыл алынганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) билдирди.

Муфтият элди бул чечимди туура түшүнүү менен кабыл алууга, Курман айтты курмандык чалып үйдө майрамдоого, башкалардыкына айттап барбоого чакырды.

Муфтияттын чечими менен быйыл Курман айт майрамы 31-июлга белгиленген.

9-июлда муфтият өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин жума намазын убактылуу токтоткон. Беш убак намаз мечиттерде санитардык талаптарды жана аралыкты сактоо менен окула берерин билдирген.

Буга чейин 24-майдагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган эмес. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мусулмандарды телевизор аркылуу түз эфирде куттуктаган. (NT)