Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Айгүл Мураталиева кайтыш болду

Айгүл Мураталиева.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, балет искусствосунун чыгаан ишмери Айгүл Мураталиева 26-июлда 72 жашында курагында катуу оорудан каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, маркум пневмонияга чалдыккан.

Айгүл Мураталиева 2006-жылы хореография искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер деген наамга татыктуу болгон.

«Эмгектин ардагери» медалы, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамоталары, «Билим берүүнүн мыкты кызматкери», «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана маданият тармагынын өкүлдөрү Айгүл Мураталиеванын үй-бүлөсү менен жакындарына көңүл айтышты.

Анда Мураталиеванын өмүрү жана басып өткөн чыгармачылык жолу өсүп келаткан чыгармачыл жаштар үчүн өчпөс үлгү бойдон калары белгиленген.