Бишкекте 100 орундуу оорукананын курулушу башталды

Бишкектеги курулушу башталган оорукана. 25-июль, 2020-жыл.

Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды. 25-июлда анын пайдубалын түптөө иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков катышканын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматы боюнча, оорукана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында тез тургузулуучу конструкция менен салынат.

Ош шаарына да ушундай эле оорукананы куруу пландаштырылган.

Президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвесторлорду тартуу менен Бишкекте, Ошто жана өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү ооруканалар куруларын убада кылды.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында бейтаптарды кабыл алууга орун жетишпей өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, адамдарды тейлеп жатат.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер бийлик карантинде бир да оорукана кура албаганын сындашкан. (BTo)