Президент жарлыгы менен Айбек Эрнис уулун судьялык кызматтан бошотту

Айбек Эрнис уулу. 2017-жыл, 16-август.

Судьялар кеңеши ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштарды киргизген.

Өлкө башчы кол койгон биринчи жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялары Кайсын Абакиров, Авчи Алиев жана Аманбек Сариевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан бошотулду.

Президент дагы бир жарлыгы менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун жергиликтүү соттун судьясы кызмат ордунан бошотту.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирерин президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү 24-июлда кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков 21-июлда кызматтык мөөнөтү аяктаган судья Айбек Эрнис уулун кайра кызматка дайындоодон баш тарткан.

Айбек Эрнис уулу судья болгонго чейин ИИМде, андан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта бир топ жыл тергөөчү болуп иштеген. Сот тармагына 2015-жылы келген жана судьяларды тандоо боюнча бардык сынактан ийгиликтүү өткөнү, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин купулуна толгону айтылган.

Ал негизинен саясий жана чуулгандуу иштерди карап келгени менен белгилүү. Айбек Эрнис уулу 2017-жылы «Ата Мекен» фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялаштары Дүйшөн Чотоновдун жана Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карап жаткан маалда таанылды. Текебаевдин жактоочулары сот жараянында судья бардык өтүнүчтөрдү четке какканын айтып, ага ишенбестик көрсөтүшкөн. Судья Эрнис уулу саясатчы Текебаев менен бир канча ирет кайым айтышканы да белгилүү.

Кийинчерээк Эрнис уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча чыгарган өкүмү үчүн жана 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жаткан адамды актаганы үчүн сынга кабылган.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айыптап чыккан.

Эрнис уулунун соңку чечимине байланыштуу бир ай мурда Change.org деп аталган сайтта аны кызматтан кетирүүнү талап кылган петицияга 4200гө жакын киши кол койгон.

Мурдагы судья Айбек Эрнис уулу өзүнө карата сындарга пикирин билдире элек. (BTo)