Беларуста блогер Тихановский дагы 15 күнгө камалды

Сергей Тихановскийдин соту. Могилев, 23-июль 2020-жыл

Беларустун Могилев шаарынын соту блогер Сергей Тихановскийди дагы 15 күнгө камады. Ага коомдук тартипти одоно бузган "акцияларды уюштурган" деген күнөө тагылды. Кеп 27-майда өткөн пикет тууралуу жүрүп жатат. Ал күнү блогердин президенттикке талапкер болуп чыккан жубайы Светлана Тихановскаяга кол топтоо болгон.

Тергөөчүлөр блогер бийликке нааразылыгын айтып, "Тараканды токтоткула", "Жашасын Беларус!" деп кыйкырып турганын билдиришти.

Тихановский күнөөсүн моюнга алган жок. Сотко даяр эмес экенин, алдын ала кабардар болбогонун айтып, жараянды башка күнгө которууну сурады. Бирок анын өтүнүчүн судья четке какты. Буга чейин блогер Гродно шаарындагы пикетте милицияга баш ийбегендиги үчүн 15 күнгө камалып чыккан.

9-августка белгиленген президенттик шайлоо алдында алтынчы жолу бийлик тизгинин кармоого камданып жаткан президент Александр Лукашенконун негизги оппозициялык атаандаштары жарыштан четтетилип, кээ бирлери камакка алынды. Беш талапкер каттоодон өттү. Алардын арасында 37 жаштагы филолог, котормочу Светлана Тихановская бар. Ал мурун саясатка аралашкан эмес. Лукашенконун Беларуста президент болуу эркектин гана колунан келет деп айтканы бар.