COVID-19: Бир суткада 46 бейтап каза болду, 13 миңден ашуун адам ооруканада жатат (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Кечээтен бери Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 46 бейтап каза болду. Бул тууралуу 23-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте - 13 адам. Жалал-Абад жана Чүй облустарында алтыдан, Ош жана Ысык-Көл облустарында бештен, Нарын облусунда төрт, Ош шаарында үч, Баткен жана Талас облустарында экиден бейтап каза болду.

Бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 967 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 031 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Ушу тапта ооруканаларда 13 201 бейтап жатат. Алардын 6 500үндө коронавирус лабораториялык жол менен тастыкталган, ал эми 6701ине диагноз клиникалык белгилери же рентген жыйынтыгына жараша коюлган.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)