Москвадан кайткан 301 кыргызстандык Ошко түштү

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен Кыргызстанга учуп келгендер. Иллюстрациялык сүрөт.

«Аэрофлот» авиакомпаниясынын борту менен Москва – Ош аба каттамы аркылуу 301 мигрант Кыргызстанга кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Учакта негизинен студенттер, кош бойлуу жана балалуу аялдар, оорулуулар, жакындарын жоготкондор жана турмуштук катаал кырдаалга кабылган жарандар келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспора өкүлдөрүнөн, Москвадагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия түздү.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери 60ка жакын өлкөдөн 30 миңдей кыргызстандык мекенине кайтып келди. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусиядан кайтып келгендер.
Саламаттык сактоо министрлигинин 26-июнда кабыл алынган чечимине ылайык, чет жактан кайтып келгендер мурдагыдай жапырт обсервацияга киргизилбейт, оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми оорусу байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат.(ErN)