Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги 22-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик каттам уюштуруларын кабарлады.
Атайын каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун тизмеси аркылуу жүргүзүлөт. Элчилик тарабынан тизмеге кирген жүргүнчүлөргө атайын резервация коду берилип, "Turkish Airlines" авиакомпаниясы бул кодго жараша жүргүнчүлөргө билет сатары кабарланды.
22-июлдагы чартердик каттам менен жүздөн ашуун кыргызстандык жаран башка чет өлкөлөрдөн Стамбул аркылуу Бишкекке кайта турганы маалым болду.
Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, кийинки Стамбул-Бишкек чартердик каттамы 29-июлда аткарылат.
Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы эки миңден ашуун кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.
Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир ж.б. ири шаарларда жашап, иштешет. (ElB)