АКШ Рамзан Кадыровду кара тизмеге киргизди

Рамзан Кадыров жана анын жубайы Медни Кадырова.

АКШ адам укуктарын олуттуу бузган деген айып менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровду санкциялык тизмеге киргизди. Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тараткан билдирүүдө бул тизмеге анын жубайы Медни жана кыздары Айшат менен Хадижат да киргени айтылат.

Санкцияга ылайык, аларга АКШга келип-кетүүгө, иш жүргүзүүгө тыюу салынат жана активдери камакка коюлат.

Документте Мамлекеттик департаментте Кадыров соңку он жылдан берки бир катар адам укуктарынын бузулушуна, ошондой эле кыйноо, сотсуз өлүм жазасына тартуу өңдүү фактыларга жооптуу экенин ырастаган ынанымдуу маалыматтар бар экени белгилеген. Мамдепартамент ошондой эле Кадыров ушул тушта коронавирус пандемиясынан пайдаланып адам укугун дагы бузуп жатканын айткан.

АКШ башка мамлекеттерди да алардын жолун жолдоп, Кадыровго карата чара көрүүгө үндөгөн. Рамзан Кадыров буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.