COVID-19: Алматыда карантин чаралары күчөтүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында бийлик 20-июлдан тартып карантин чараларын күчөттү. Шаардын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин билдиришинче, эми топтошуп алып шаар сыртына, жаратылышка чыгып эс алууга убактылуу тыюу салынат.

Сыртта отура турган жайы бар гана тамактануучу жайлар иштейт жана келгендердин саны 30 адамдан ашпай, түнкү саат 10го чейин гана иштеши керек. Шаардагы жана анын жака белиндеги эл көп барган парктар, туристтик жайлар жабылды.

Улуттук парктар дем алыш күндөрү жабык болот, иш күндөрү жөө гана сейилдегенге уруксат берилет. Ал жактарда тамак жегенге тыюу салынат.

Жандарбек Бекшин жарандар социалдык аралыкты сактап, беткап тагынышы керектигин эскертти.

Казак бийлиги 2-августка чейин кайрадан карантин киргизген. Анын алкагында эл көп чогула турган иш-чаралардын баарына, той-аш өткөрүүгө тыюу салынган. Базарлар, соода жайлары, маданий жана диний жайлар жабылган. Спорт залдар, сулуулук салондору да иштебей калды. Ошондой эле аймак аралык каттамдар чектелген, 65 жаштан улуу адамдар үйдөн чыкпашы керек.

Казакстанда соңку күндөрү оору күчөп кетти. Расмий маалымат боюнча коронавирус 72 миңге чукул адамга жукту, 585 бейтап көз жумду. Бул өлкөдө жыл башынан бери 234 миңден ашык адам пневмонияга чалдыгып, 3300дөн көп киши жан берди.

Казак бийлиги 1-августтан тартып коронавирус менен пневмонияны кошуп санаганы жатат.