Иран: генерал Сулейманинин өлтүрүлүшүнө айыпталган адам дарга асылды

Махмуд Мусави-Мажд.

Иранда АКШ менен Израилдин пайдасына тыңчылык кылган, таасирлүү генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө байланышы бар деп айып коюлган мурдагы котормочу Махмуд Мусави-Мажд өлүм жазасына тартылды.

Өлкөнүн соту тараткан маалыматта "тыңчылык үчүн айыпталган Махмуд Мусави-Маждын өкүмү дүйшөмбү күнү эртең менен ишке ашырылды. Эми бул чыккынчылык иши түбөлүккө жабылды”, деп жазылган.

Өткөн айда Ислам жумуриятынын сот бийлиги Мусави-Мажд Революция сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн кол башчысы, генерал Касем Сулейманинин кайда жүргөнү тууралуу маалыматты Кошмо Штаттарга берип акча алганын, бул үчүн жакын арада ал өлүм жазасына тартыларын билдирген.

Генерал быйыл 3-январда Багдаддын четиндеги аэропорттун жанында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Вашингтон Сулеймани АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объектилерине жана аскерлерине кол салууларды уюштуруунун артында турган киши деп эсептейт.

19-июлда Багдаддагы басма сөз жыйынында Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Сулейманинин киши колдуу болушун теракт деп мүнөздөп дагы бир жолу АКШны айыптады.

Тегеран Сулейманин өлүмүнө жооп кайтарып АКШнын Ирактагы базасын ракеталардан аткылаганда 100дөн ашык жоокер жабыркаган. Көп узабай Ирандын куралдуу күчөрү украиналык учакты кокусунан атып алып, борттогу бардык 176 киши каза болгон.