19-июлда Нарын облусунун Нарын районунда саат 11:00 чамасында катуу жааган жамгырдан коктулардан суу түшүп, Нарын-Оруктам жолунун 50-55-чакырымы кум-шагыл менен жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Учурда ӨКМнин Нарын райондук бөлүмү жана Жарандык коргоо комиссиясы жеринде иш жүргүзүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
Ушул эле күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда саат 12:40 чамасында катуу жааган жамгырдан коктудан суу түшүп, Каракол-Эңилчек жолунун 6 чакырымы кум шагыл менен жабылып калды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ал эми 18-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районунда саат 19:30 чамасында катуу жааган жамгырдан каналдардан суу ашып, Дароот-Коргон айылындагы сегиз үйдүн, Кызыл-Эшме айылындагы беш үйдүн жана Беш-Кашар тилкесинде жайгашкан бир үйдүн короосун суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы бөлүмү жана жергиликтүү тургундардын көмөгү менен сел каптаган үйлөрдүн короолорун тазалашты.
«Кыргызгидромет» борбору 18-19-июль күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучун эскерткен. (TSh)