Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек акысыз берилет

Өзбекстандагы дарыкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга дары-дармек акысыз берилет. Мындай чечим Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынды.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын комиссия 17-июлда өткөн жыйында мындан тышкары коронавирустан үйүндө дарыланып жаткандарга акысыз берилүүчү дары-дармектердин тизмеси бекитти. Алардын ичинде гидроксихлороксин, азитромицин, парацетамол, С витамини жана бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар бар.

Өзбекстанда коронавирус илдетине кабылып, бирок оорусу жеңил өтүп жаткан адамдар дарыгердин сунушу менен үйүндө дарыланат. Азырынча COVID-19 вирусун жуктуруп, бирок үйүндө дарыланып жаткан адамдардын саны тууралуу маалымат бериле элек.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Өзбекстанда 18-июлда 289 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бир киши оорудан көз жумду.

Өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 15 896 адам. Илдет жуктурган 80 адам көз жумду. 9003 адам оорудан сакайды.