Казакстан коронавирус менен пневмонияны кошуп санайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 17-июлда мындай чечим Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын билдирди. Министр эки статистиканы бириктүү 1-августтан тартып башталарын маалымдады.

Анын алдында казак президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө коронавируска кабылгандар менен пневмония болуп ооруп жаткандардын статистикасы боюнча бир чечимге келүүнү тапшырган.

Ал 16-июлда кечинде "Твиттердеги" баракчасына "Коронавирустан сырткары жарандардын саламаттыгына жана өмүрүнө пневмония чоң залалын тийгизип жатат. Пандемияга байланыштуу маалыматтар канчалык кайгылуу болсо дагы коомчулукка айтылышы керек" деп жазган.

Казакстан азыр коронавирус менен өпкөсүнөн кагынган бейтаптарды өзүнчө, кошпой санайт. Соңку маалымат боюнча өлкөдө COVID-19ду жуктуруп алгандар 67 миңге чамалады, илдеттен 396 бейтап каза болду.

Өлкөдө өткөн айдын башынан бери пневмония болуп ооругандардын саны эселеп көбөйдү. Ушул жылдын алгачкы алты айында пневмония болгон 98 миңден ашык адам катталды жана алардын үчтөн бир бөлүгү, тактап айтканда 32 миңи өткөн айда аныкталды. Июнь айында эле өпкөсү кагынган 628 адам ажал тапканы айтылган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги да 16-июлда пневмония менен ооруп жаткандарды да коронавирус деп каттоого алуу тууралуу буйрук чыгарды. Буга чейин Бишкек мындай бейтаптарды эки башка санап жаткан.