Жээнбеков: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бизге абадай керек

Сооронбай Жээнбеков.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга абадай керек. Бул тууралуу 17-июлда президент Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, мамлекет башчысы бул жолду куруу долбоору боюнча бардык тараптар саясий чечим кабыл алганын эске салып, аны ишке ашыруунун өзгөчө маанисин белгиледи:

«Бизде деңизге чыгууга жол жок, пандемия шартында биз ар тараптан «жабылып» калдык. Чек аралар жабылды, экономикага эле эмес, азык-түлүк коопсуздугуна да коркунуч жаралды. Калкты биринчи кезектеги азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси коркунучта калды. Андыктан, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу өтө маанилүү, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бизге абадай керек».

Министр Бейшенов бул долбоор боюнча сүйлөшүү процесси тууралуу маалымат берди.

16-июлда «Борбор Азия - Кытай» деп аталган онлайн жыйында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков пандемия шартында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу зарылчылыгы пайда болгонун белгилеген. Айдарбековдун сөзүн Кытай жана Өзбекстан колдоого алган.

Кыргызстанды туңгуюк абалдан чыгарат деген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча долбоор туурасында өткөн кылымдын аягынан бери эле кеп козголуп жүрөт. Андан бери жолдун эни, каттамы боюнча бир пикир табылбай, идея ишке ашпай турат. (RK)