Сербия менен Косовонун лидерлери жарашуу тууралуу сүйлөштү

Авдулла Хоти менен Александр Вучич.

Сербиянын президенти Александр Вучич менен Косовонун премьер-министри Авдулла Хоти Европа Биримдигинин ортомчулугу менен 16-июлда Брюсселде 20 айдан берки тыныгуудан кийин сүйлөшүү жүргүздү. Анда тараптар жарашуу жараянындагы бир топ маселелер боюнча орток пикир таба алган жок, бирок сентябрь айынын башында дагы көзмө-көз жолугушууну макулдашты.

Тараптардын орто деңгээлдеги, техникалык сүйлөшүүлөрү кийинки аптадан тартып уланмакчы.

Европа Биримдигинин атайын чабарманы Мирослав Лайчак жолугушууда согуш маалында дайынсыз жоголгондор, жаңжалдан улам жер которгондор жана экономикалык кызматташуу тууралуу сөз болгонун билдирди. Ал "оор сүйлөшүү болду, бирок алдыга азыноолак жылыш бар", деп айтты.

Акыркы жолу Балкандагы бул эки мамлекеттин лидерлери 2018-жылы ноябрда жолуккан.

Албандар үстөмдүк кылган Сербиянын Косово провинциясында 1998-1999-жылдары элдик козголоң башталып, Белград аны күч менен баскан. НАТОнун 78 күндүк бомбалоосунан кийин Сербия аскерлерин Косоводон чыгарып кеткен. Жаңжалда 10 миңден көп киши өлгөн, 1600дөн ашуун адам азыркыга чейин дайынсыз.

Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан эгемен өлкө деп жарыялаган. Анын көз карандысыздыгын дүйнөдөгү 100дөн ашуун мамлекет, арасында АКШ, Еврошаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү таанышкан. Белград менен Москва жана дагы бир нече өлкө Косовону дагы эле Сербиянын бир бөлүгү деп эсептешет.

Эки өлкө тең Евробиримдикке мүчө болуп кирүүгө умтулуп келатышат. Шаркеттин шарттарына ылайык, алар жарашып, ортодогу маселелерди чечүүгө тийиш.

Косовонун президенти Хашим Тачи 13-июлда эл аралык аскер прокуратурасына көрсөтмө берүү үчүн Гаагага барган.

Косоводогу кылмыштар боюнча соттогу атайын прокуратура өткөн айда Хашим Тачи жана парламенттин экс-спикери Кадри Весели баштаган бир канча адамга 1990-жылдардын аягындагы куралдуу кагылышуу учурундагы адамзатка каршы кылмыштардан улам айып койгон. Косовонун президенти жана башкалар күнөөсүн мойнуна алган эмес.