Казакстан вирус тез тараган 30 өлкөнүн катарына кирди

Алматы, 14-май, 2020-жыл.

АКШдагы Жон Хопкинс университети аныктаган рейтинг боюнча Казакстан 15-июлдан тартып вирус өтө тез тараган 30 өлкөнүн катарына кирди.

Беларус коронавирус пандемиясы учурунда карантин чектөөлөрүн киргизбеген саналуу мамлекеттердин бири болчу. Ал эми Казакстан карантин чектөөлөрүн эки жолу киргизгенине карабай Беларустан кийинки эле сапта орун алды. Буга илдет жуктуруп алгандардын саны биринчи карантинден кийин кескин түрдө көбөйүп кеткени себеп болду.

Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирустун 63 514 учуру катталган. Беларуста илдетке 65 269 миң адам кабылган. Бельгияда болсо 63 781 адамдан вирус аныкталган. Бул илдеттен көз жумгандар боюнча Казакстанда абал салыштырмалуу дурус. Бельгияда вирустун айынан 9 787 адам, Беларуста 474 адам, Казакстанда 375 адам кайтыш болгон.

18.6 миллион калкы бар Казакстанда бир чарчы км аянтта 7 гана адам жашайт деп эсептелет. Ал эми 11.5 миллион адам калкы бар Бельгияда 1 чарчы км аянтка 381 адам туура келет. 9.4 миллион калкы бар Беларустун статистикалык маалыматы боюнча 1 чарчы км аянтта дээрлик 46 адам жашайт деп саналат.

Дагы караңыз Жаңы вакцинанын алгачкы сыноосу ийгиликтүү өттү


Илдеттин таралышы ооздукталбай жаткандыгына байланыштуу казак бийлиги 2020-окуу жылында мектептер ачылбай турганын алдын ала жарыялады. Билим берүү министри Асхат Аймагамбетов мугалимдерге кайрылып, быйыл балдарды аралыктан окутууга даярдануу керектигин айтты.

"Быйыл силер үчүн оор жыл болушу мүмкүн. Жүк силердин мойнуңарга түшөт. Айрымдар аралыктан окутуу мугалимдердин түйшүгүн жеңилдетет деп ойлойт. Бирок иш жүзүндө мугалимдердин жонуна түшкөн түйшүк эселеп көбөйдү. Жайкы өргүүдөн кийин силер үчүн атайын окууларды уюштурабыз. Быйылкы окуу жылын аралыктан окутуу менен баштайбыз".

Министр абал өзгөргөнүнө жараша балдарды аралыктан окутуу тартиби кайра каралышы мүмкүн экенин эскертти.

Казакстандын айрым аймактарында ишкерлер карантиндик чектөөлөрдүн кайрадан киргизилгенине нааразылыгын билдирип чыгышты. Мисалы, Петропавловск шаарынын тургундары карантин маалында кирешесинен ажырагандар үчүн төлөнө турган 42 500 теңгеден баш тартып, ордуна соода жайларын ачууга уруксат сурап жатышат. Соодагерлердин бири буларды айтты:

"42 500 теңгенин кереги жок. Анткени ал акча эч нерсеге жетпейт. Салыкка да, тамакка да, ижарага да жетпейт. Андан көрө биз иштей берели. Бизде көп деле адам болбойт. 2-3 гана кардар ары-бери жүрөт. Ызылдаган базар эмес. Мисалы, сыра саткан жерди жапкан жоксуңар, бирок бизди жаап салдыңар".

Дагы караңыз Маркумду узаткандар эрежени этибар албай жатат


Казакстанда коронавируска кабылган алгачкы оорулуу 13-мартта катталган. Ал эми май айынын башында анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн, ошол эле учурда өпкөсү кагынгандар кескин көбөйгөн.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, июнь айында эле пневмониядан 628 адам көз жумган. Бирок булар коронавирустан каза болгондордун тизмесине кошулган эмес.

Ошондой эле атайын комиссиянын корутундусу боюнча өлүмдүн себеби коронавирус эмес деп табылган жүздөгөн маркумдар коронавирус курмандыктарынын статистикасына кирбей калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​