Дарыгер Турат Кулжабаев пневмониядан каза болду

Турат Кулжабаев. (Сүрөт Интернеттен алынды)

Бишкекте пневмониядан хирург адис Турат Кулжабаев каза болду. Жакындарынын айтымында, ал эки өпкөсүнөн пневмония болуп, 7-июлда борбор калаанын №1 ооруканасына жаткырылган. Абалы жакшырбай, 16-июлда бул медициналык жайдын реанимациясында көз жумду.

Кулжабаев 45 жашта болчу. Эмгек жолун Улуттук госпиталда баштап, акыркы он жылдан бери бул мекеменин проктология бөлүмүндө иштеп келе жаткан.

Маркумдун артында жубайы жана үч уулу калды.

Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду. Клиникаларда орун жок болгондуктан, бейтаптардын көбү үйүнөн дарыланып, алардын арасынан каза болгондор катталып жатканы тууралуу кабарлар социалдык түйүндөргө жарыяланууда. (RK)