АКШ “Путиндин ашпозчусу” менен мамилеси барларды “кара тизмеге” киргизди

Евгений Пригожин

АКШ орусиялык ишкер, маалымат каражаттарында “Путиндин ашпозчусу” аталган Евгений Пригожин менен байланышы бар үч орус жаранына жана беш компанияга санкция салды. Американын финансы министрлиги буга анын АКШдагы шайлоолорго кийлигишүүсү себеп болгонун маалымдады. Мындан тышкары Пригожиндин Судандагы мыйзамсыз ишмердүүлүгү да себеп.

“Кара тизмеге” кирген компаниялардын арасында “М Инвест” ишканасы бар. Дагы бирөө - Суданда, бирөө - Кытайда, экөө - Гонкгонгдо. АКШ мамдепартаментинин маалыматына караганда, судандык Meroe Gold Cо. Ltd ишканасы - Вагнердин аскердик компаниясы. Божомолдор боюнча ал Пригожин менен кызматташат.

АКШнын финансы министрлиги "М Инвест" ишканасы Суданда демократиялык реформаларга умтулгандарды каралоо менен алек болгон деп кабарлады. Калган ишканалар Пригожинге финансылык кызмат көрсөтүшкөн. Анын ичинде булар Пригожинге санкциялардан качып, ири келишимдерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк беришкен.

"Евгений Пригожин жана анын тармагы Судандын кен байлыктарын жеке пайдасына жана бүткүл дүйнөгө зыяндуу ишмердүүлүккө колдонуп келет”, - деди финансы министри Стивен Мнучин.

Финансы мекемеси Пригожиндин Африка өлкөсүндөгү иши "орус бийлигинин авторитардык режимди жана кен байлыктарды эксплуатациялоону колдоорун көрсөтүп турат" деп эсептейт.

Ал эми “кара тизмеге” кирген жеке адамдардын ичинде Игорь Лавренков, Андрей Мандель жана Михаил Потепкин бар.

Москва азырынча Вашингтондун чечимине жооп бере элек.

Пригожин Кремлдеги кейтеринг компанияларына таасири бар. Ал - АКШдагы шайлоого кийлигишкени үчүн расмий айыпталып жаткан орусиялыктардын бири. Пригожин Петербургдагы “троллдор фабрикасын” каржылап турганы айтылган.