Кыргызстанда өкмөт томолой жетим балдарга банктан эсеп ачып, ай сайын эки миң сомдон которуп турмай болду. Бул тууралуу 15-июлда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде билдирди:
“Атасы да, энеси да белгисиз болгон томолой жетим балдарга буга чейин социалдык жөлөкпул төлөнчү эмес. Эми ай сайын мындай балдарга 2 миң сомдон акча бөлүнүп, банктагы атайын эсебине түшүп турат. Ал акчаны 18 чыкканда пайдалана баштаса болот”.
Өкмөттө интернат жана балдар үйлөрүн реформалоонун 2019-2021-жылдарга эсептелген планы бекитилген.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандагы 143 интернатта 12 миңге жакын бала тарбияланат, алардын 5% томолой жетим, калганы тирүүлөй жетим (ата-энеси таштап кеткен). ЮНИСЕФтин иликтөөсүнө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда. (RK)