Президент эпидемиологиялык абалды анализдөөгө чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен жолукту. 2020-жыл, 15-июль.

15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагындагы адистер менен жолугуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды анализдөө боюнча өкмөткө жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин сайтты жазды.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, анализ кылуу жана божомолдоо, илдетти дарылоо боюнча пикир алышуу болду. Жээнбеков адистердин абалды жөнгө салуу боюнча сунуш-пикирлерин угуп, өкмөткө иш жүзүндө жардам берүүгө чакырды.

"Азыркы тапта медиктер коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө бардык аракетин көрүүдө, баарыбыз учурдагы көйгөйлөр менен алекпиз. Күч-аракеттерибиздин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кырдаалга анализ кылуу жана өлкөбүздө илдеттин мындан аркы жүрүшүн божомолдоо зарыл".

Жээнбеков аймактарда илдетке чалдыккандар көп каттала баштаганын белгилеп, медиктерге кеңеш берүү керек экенин кошумчалады. Саламаттык сактоо тармагындагы адистерге ыраазычылыгын билдирди.

Адистер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга зарыл болгон чечимдер боюнча сунуш-пикирлерин айтышты. Иш-аракеттерди координациялоо үчүн Коомдук саламаттык боюнча улуттук институт түзүүнү сунуш кылышты.

Президент менен жолугушууга Кыргыз мамлекеттик медицина академиясындагы үй-бүлөлүк медицина окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперти Касымбек Мамбетов, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы адиси Айнура Кутманова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова, Ден соолукту бекемдөө борборунун директору Нуриля Алтымышева, Дары-дармектерди пайдалануу боюнча адис Бактыгүл Камбаралиева катышты.

Март айынан бери Кыргызстанда пневмониядан 571, коронавирустан 160 бейтап каза болду. Өкмөт Бишкекте жана Чүй облусунда абал оор экенин айтууда. (TSh)