Мамлекеттик ишмер, педагог Жанкороз Каниметов дүйнө салды

Жанкороз Каниметов, педагог, мамлекеттик ишмер

14-июлда педагогика илимдеринин доктору, экс-депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы маалымдады. Азырынча Жанкороз Каниметов өлүмүнүн себеби кабарлана элек.

Жанкороз Каниметов 1950-жылдын 30-мартында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылында туулган. Ал Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтун жана Кыргыз улуттук университетин аяктаган. Эмгек жолун Ысык-Көл облусунда мектеп директорлугунан баштап, билим берүү тармагындагы жогорку кызматтарды аркалаган. 2007-жылы Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп эмгектенген.

Жангороз Каниметов 1995-жылдан тарта Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышында депутат болгон. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү», «Жалпы орто билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдардын автору. «Даңк» медалынын ээси, "Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими" мамлекеттик наамы ыйгарылган. (TSh)