Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кардарлардын коопсуздугу боюнча кызматташтык борборунун жана Инфекциялык көзөмөл программасынын директору Дидье Питтет менен Женевада жашаган мекендешибиз Жеңишбек Эдигеев баарлашкан.
- Учурда көпчүлүк адамдар сасык тумоонун белгилери менен COVID-19ду чаташтырып жатышат. Экөөнүн эң негизги айырмачылыгы же окшоштугу эмнеде?
- Сасык тумоо менен COVID-19дун айырмасы өтө чоң, бирок экөө тең адамдарга окшош жол менен жугат: кол алышуу аркылуу жакындашып, сүйлөшүү аркылуу, жөтөлүп, чүчкүрүү жана башка жолдор менен жугат. Демек бирдей жол менен жукса да, алар асман менен жердей эки бөлөк вирус.
Сасык тумоонун мезгилдерге байланыштуу сезондору болот. Ал эми COVID-19да сезон деген жок. Ал эч бир сезонду, мезгилди карабай туруп эпидемия, пандемия түрүндө келет жана аны адамдар күрөшүп жок кылмайын кетпейт. Демек табияттын кайсы бир мезгилинде жок болуп кетет деген түшүнүк жок.
COVID-19 ушундай оору – сасык тумоого караганда көп эсе адамдын өмүрүн алат. Башкача айтканда аны сасык тумоонун эң эле жаман, эң эле оор түрү катары элестетсек болот.
Эгерде COVID-19 12 жашка чейинки балдарга жукса, алар ооруну дээрлик сезбей эле өткөрүп жиберишет. Бирок жаман жери - 12-18 жаштын тегерегиндеги өспүрүмдөр бул ооруну эч сезбей же өтө жеңил көтөргөнү менен алар башкаларга ооруну жуктурат. Үй ичинде ойноп же сабак окуп аралашып жүрүп эле ата-энесине, чоң ата, чоң энесине жуктуруп салат. Демек анын аягы жаман бүтөт. Андыктан бул вирустан балдар оорубайт экен дебей, баарыбыз текши сактанышыбыз керек. COVID-19 кары-картаң адамдар үчүн, ашыкча салмактан жана өпкө ооруларынан жапа чегип жүргөн адамдар үчүн өтө кооптуу.
Дагы караңыз Маркумду узаткандар эрежени этибар албай жатат
- Сактануудагы эң алгачкы көрүлгөн чаралар эмне болууга тийиш?
- Миң жолу кайталаганыбыз менен эң маанилүү нерсе - бул аралыкты сактоо. Эгерде жаныңыздагы адам телефон менен, же бирөө менен катуу кыйкырып сүйлөшүп же ырдап атса, андан эки метрге чейин алыс болгонуңуз оң. Болбосо 1-1,5 метр аралык сакталышы керек.
Экинчиден, башкалар менен эч кандай контакт болбошу керек: кол алышуу, кучакташуу жана башкалар болбошу керек. Үчүнчүдөн, бирөө менен көпкө сүйлөшүп турганга болбойт. Анткени алардын биринде эле вирус болсо, убакыттын өтүшү менен вирус бири-бирине сүйлөшүү аркылуу жетет.
Эгерде мурундан суу агып же кадимки сасык тумоонун кенедей эле белгилери сезилсе, ошол замат диагностикалык тесттен өтүш керек. Мен түшүнүп турам, Кыргызстанда ар бир жаранды тесттен өткөрүү кыйын болсо керек, бирок бул токтоосуз жасалчу иш. Анткени бардык иш жөнөкөй сасык тумоо же COVID-19 экенин аныктап алгандан кийин башталат. Бул жаман вирусту денеге жайылтып жибербештин жана убакыттан уттурбоонун аргасын кылчу бирден бир маанилүү нерсе. Демек тесттен өткөрчү борборлорду уюштуруу керек. Анткени бир адамдан COVID-19 чыкса, аны токтоосуз изоляцияга алуу керек. Мына ошондо оору жайылбайт.
Дагы караңыз COVID-19: илдетти жеңгендер
- Эми дарылануу тууралуу сөз кылалы. Эгерде оору табылса, ошол замат антибиотик ала башташ керекпи?
- Биринчиден, COVID-19га каршы вакцина жок. Экинчиден, ага каршы таасирдүү дары да жок. COVID-19ду айыктыра турган дары эч жерде жасалып чыккан эмес жана чыга элек. Медицинада бар антибиотиктердин бири да бул вируска каршы деп чыгарылган эмес. Демек анын бири да ал вирусту жок кыла албайт. Анын дарысы жок.
Албетте абалы өтө оорлошуп бараткан адамдардын өмүрүн сактоо жана жакшыртуу үчүн ар кандай чаралар бар: кычкылтекке туташтыруу, интубация ж.б. айрым дарылар. Бирок алар дал ошол вирус менен күрөшүү дегендик эмес. Мисалы, абалы оор болуп жаткандарга ремдесивир дарысы колдонулуп келет. Толук болбосо да анын натыйжасы дурус болуп жатат. Анан дагы кортизон дарысы бар. Бул да адамдын абалы өтө кооптуу учурга кептелсе гана берилчү дары.
- Ремдесивир дарысын Борбор Азия өлкөлөрүндө тапса болобу?
- Менимче ал аймактарда жок. Ремдесивир бул вируска каршы колдонулган күчтүү дары, ал абалы өтө начарлап кеткендерге гана берилет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- COVID-19ду абдан кыйтыр, куу дарт катары сүрөттөп жатышат. Анын куулугу эмнеде?
- Ал бири-бирибизге өтө оңой жугат жана денебизге киргени менен “мен мында” деп жанды дайым кыйнабайт. Экинчиден, ден соолугу бекем адамдарга жукса алар ооруну байкабайт, бирок башкаларга жугузат. Үчүнчүдөн, "тумоолоп калган окшойм" деп бир канча эле күн жүрүп алсаңыз ал тез арада өтө курч пневмонияга айланып кетет. Мына ошонусу менен бул вирус өтө кооптуу. Ошон үчүн азыркыдай пандемия маалында кенедей белги байкасаңыз, ошол замат тест кылууга чуркаш керек.
- Кыргызстанда көпчүлүгү пневмониянын өтө оор формасынан каза болууда. Бирок дарыгерлер пневмония менен COVID-19ду бөлүп карашууда...
- Бардыгын тест так аныктайт, бирок азыркыдай эпидемия маалындагы байма-бай ооруган пневмонияны COVID-19дун кесепети деп эсептешибиз керек.
- Туура тест алуу мурун көңдөйү аркылуу жасалабы же тамырдан кан алуу аркылуубу?
- Мурун көңдөйү аркылуу жасалат. Венадан кан алуу аркылуу да жасалат. Экинчисинин кардар үчүн да, эпидемиология илими үчүн да пайдасы бар. Биринчиден, ал аркылуу вирус бар же жок экени билинет. Экинчиден, ал адам COVID-19 менен ооруп айыккан болсо же эч качан оорубаса да анын канында антитела бар же жогу аныкталат. Демек бул маалымат калктын канча пайызында бул вируска каршы иммунитети бар же жок экенин иликтөөгө жардам берет.
- Демек бул илдет боюнча антитела деген бар экен да?
- Антитела денебизде бар болгон күндө да биз бул кеселден өмүр бою 100% коргонгонбуз деп айтууга болбойт. Ошентсе да каныбызда COVID-19га каршы антитела бар экени жакшы белги. Качандыр бир кезде COVID-19 кайра кайтып келсе, эпидемиологдор калктын канча пайызы вируска көтөрүмдүү экенин биле алышат.
Дагы караңыз COVID-19: Кыргызстанга үлгү болчу өлкөлөр
- Швейцария COVID-19 илдети менен жемиштүү күрөшкөн өлкө аталып жатат. Ал ийгиликтин сыры эмнеде десек болот?
- Туура. Өлкө бул илдеттин биринчи келген толкунун ыкчам жана ашыкча зыян келтирбей жеңип чыкты. Бул балким өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын жакшы деңгээлде уюшкандыгынан, же болбосо ооруканаларды илдет менен күрөшүүчү каражат, ресурстар менен убагында камсыздай алганыбыздан улам болушу мүмкүн.
Эң башкысы вирус жуктурган адамдарды абалына жараша туура категорияларга бөлүп дарыладык: оорусу жеңилдерди үйлөрүндө кармап, андан оорлорун өзүнчө дарылап, катуу ооруп жаткандарды ооруканада кармап, абдан оор абалдагыларды кислороддук аппаратка салып, айтор ооруга көзөмөл болуп турду. Андан тышкары COVID-19дан башка өтө зарыл эмес операциялардын баарын токтотуп, болгон каражатты жана күчтү ушул илдетке каршы койдук.
- Сиздин оюңузча, COVID-19га каршы вакцина качан пайда болушу мүмкүн?
- Анын бир канча этаптары бар. Ал вакцина COVID-19га чындап туруштук бериши керек. Экинчиден, анын антитела пайда кыла алуусу, башкача айтканда анын иммунитети толук ишенимдүү болуусу керек. Үчүнчүдөн, ошонун баары жасалып бүткөн соң аны кайра иш жүзүндө тастыктап, тест кылуу керек. Демек мунун баары бир топ убакытты талап кылат. Баары ийгиликтүү болсо 12-18 айда, же бир жылда даяр болушу мүмкүн. Эгер ийгилигине ообой калса, андан да көп убакыт күтөбүз же такыр табылбай коюшу мүмкүн.
- Сиз бул илдетти жок кылуу күрөшүндө канчалык оптимистсиз?
- Адамдар аралыкты так сактаса, колун дайым таза жууп турса жана кенедей белги болсо бизге чуркап келип тесттен өтүп турса ооруну жеңсе болот. Тест жасоо – биз үчүн эң көзүр иш. Тестке жараша биз андан ары эмне кадам жасаш керек экенин так айтып бере алабыз.
- COVID-19дун экинчи толкуну жөнүндө эмне айта аласыз?
- Экинчи толкун ал – илдеттин биринчи толкунун канчалык көзөмөл кылып жыйынтыктаганыбыздан көз каранды. Мисалы, өлкө бир сыйра ооруп кайра айыкты дейли. Ошол айыкты деген мезгилде оорунун жашынып калган уясы барбы же жокпу - ушуну толук аягына чейин көзөмөлдөш керек. Ошол көзөмөл жакшы жасалса, анда экинчи толкунду күтпөй койсок болот. Бир эле өлкө эмес, бүткүл дүйнө ошентип күрөшкөндө анан тамыры толук кыйылат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.