Лейлекте сел жүрдү

Лейлекте 2-май күнү жүргөн сел үйлөрдү каптаган. Исфана шаары. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-июль күнү сел жүрдү. Саат 15:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Исфана шаарында жана Тогуз-Булак айыл аймагында коктулардан келген суу үч турак үйдүн короосун каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда тиешелүү адистерден турган комиссия, куткаруучулар сел жүргөн аймакта иштеп жатышат.

12-июлга карата Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда карга айланары кабарланган. (ZKo)