COVID-19: Айыгуу көрсөткүчү дагы эле төмөндөп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан айыккандар боюнча көрсөткүчтүн начарлоосу токтой элек. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-июлдагы маалыматына караганда, ооруканага жаткырылгандардын 33,4% айыгып чыкты. Он күн мурда, 29-июнда сакайып кетүү көрсөткүчү 45,7% болчу.

Жалпысынан 18-марттан 10-июлга чейин өлкөдө коронавирус 9358 адамдан табылды, алардын ичинен 122 бейтап кайтыш болду, 3134 бейтап айыгып кетти.

Пневмония менен март айынан бери 3829 адам ооруканага жаткырылганы 9-июлда айтылган. 10-июлда бул тууралуу жаңы маалымат берилген жок. Бул илдеттен каза болгондордун саны коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 350 адамга жетти.

Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтышууда. (RK)