Түркмөнстанда түрк дипломаты пневмониядан көз жумду

Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Кемал Учкун.

Коронавирус катталбаганын билдирип келген Түркмөнстанда түрк элчилигинин бир кызматкери пневмониядан кайтыш болду.

Бул тууралуу Turkmen.news басылмасы жана түркиялык «TRT Avaz» телеканалы Ашхабаддагы түрк элчилигинин атын атабаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Кемал Учкун 7-июлдан 8-июлга караган түнү көз жумган. Ашхабаддагы элчиликте 2018-жылдын башынан бери иштеп жаткан Учкун өпкөсү сезгенип, жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу белгилер менен 27-июнда ооруканага түшкөн.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Түркмөнстанда өпкөсү кагынып ооруканага түшкөндөр көп экенин, илдеттен каза болгондордун арасында медицина кызматкерлери да бар экенин кабарлап жатат. Бирок авторитардык лидер атыккан президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун өкмөтү өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандар жок экенине ишендирүүгө аракет кылып келет.

Аптанын башында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы Түркмөнстандагы эпидемиологиялык абалга баа бериш үчүн Ашхабадга келген.