Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында аш-тойлорду өткөрүүнү тыюу жөнүндө чечимдерге баш ийбей, үчүнчү ирет той өткөргөн «Баястан» рестораны боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, ресторанда 7-июлда үчүнчү ирет тушоо кесүү аземи өткөрүлүп жаткан учурда облустук бийлик жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү барып, ресторанды жаап, суусу жана электр энергиясы өчүртүлгөн.
«"Баястан" ресторанына алгачкы эскертүү 30-июнда той өткөргөнү үчүн берилип, үч миң сом айып салынган. Андан кийин 4-июлда кыз узатуу тоюн өткөргөнү үчүн 13 миң сом айып салынып, ресторан 15 күнгө жабылган. 7-июль күнү да тушоо той өткөрүп жатканы ачыкка чыгып, ресторан жабылды. Бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 127-беренеси («Санитардык-карантиндик эрежелердин талаптарын бузуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды», - деди ал.
Бул берене боюнча 60-80 миң сомго чейинки өлчөмдө айып салынып, ресторандын ишине эки жылга чейин чектөө киргизилет. Акыркы чечимди сот чыгарат.
Ош ОИИБ басма сөз катчысынын айтымында, облус аймагында өзгөчө абал алынгандан кийин да массалык иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө уруксат берилген эмес.
«Баястан» рестораны Ош шаарынын чет жакасында, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан. 4-июль күнү ал жерде өткөрүлгөн кыз узатуу тоюнда Ош шаардык кеңешинин жана Жогорку Кеңештин депутаттары болгонун айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Кыргызстанда коронавирус илдети көбөйүп жатканына байланыштуу эл көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде аш-тойлорду өткөрүүнү расмий тыюуну мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу сунуш кылган. Президент бул маселени Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында да көтөрүп, Коронавируска каршы республикалык штабдан аш-тойлорду расмий тыюуну карап көрүүнү тапшырган.
8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 345 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 8,5 миңге чамалады. Оорудан 112 киши көз жумду.
Ал эми Ош облусунда жалпы оору жуккандардын саны – 586 адам. (ZKo)