9-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

9-июлда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаап, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет:

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус болот.