АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыгарын расмий кабарлады

АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШ Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыгарын расмий жарыялады. Вашингтон 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке бул уюмдан бир жылдан кийин чыгарын билдирди.

Кошмо Штаттар - ДССУдагы ири донорлордун бири. Уюмдун бюджетинин 15% жакынын АКШ берет. Президент Дональд Трамп буга чейин ДССУну «Кытайдагы жаңы коронавирустун жайылышы тууралуу так маалыматтарга көңүл бурган эмес, өтө жай аракеттенген жана Бээжиндин кысымына алдырган»​ деп айыптап чыккан.

Пандемия дүйнөлүк экономиканын ылдыйлашына, жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди. Бул көрүнүш ноябрда экинчи жолу кайра шайланууга умтулуп жаткан президент Трамптын саясий келечегине сокку урушу мүмкүн.

Трамптын Америкадагы эпидемияны ооздуктоого байланышкан аракеттерин анын саясий оппоненттери сындап жүрүшөт. Сындагандар Трамп өз күнөөсүн ДССУга оодарууну көздөп жатканын айтып жатышат.

АКШ - COVID-19дан катуу жабыркаган мамлекеттердин бири. Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө коронавируска чалдыккан 3 097 084 учур катталды. Вирус 133 972 кишинин өмүрүн алды.