Ош шаарында сегиз ыктыярчы дарыгер күндүзгү стационарларда иштейт

«Газпромдун» спорт комплексинде уюштурулган күндүзгү стационар. Ош шаары. 7-июль, 2020-жыл.

Медициналык билими бар, сегиз ординатор дарыгер ыктыярдуу түрдө иштегиси келерин билдирип, бийликке кайрылган. Алар менен 7-июль күнү калаа башчысы жолугуп, жаш дарыгерлерди ишке жайгаштыруу маселесин сүйлөштү. Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ординатор-дарыгерлер алгачкы бир нече күнү шаардык ооруканада сактануу жана кооптуу шарттарда өзүн алып жүрүү боюнча окуп, тажрыйба алышат.

«Андан кийин булар күндүзгү кошумча стационарларга иштешет. Алардын айлык акысын мэрия чечип бермек болду», - деди ал.

Ош шаарынын мэриясы калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу медициналык билими бар жарандарга ыктыярдуу түрдө иштеп, элдин саламаттыгын сактоого көмөктөшүүсүн өтүнүп кайрылган. Кырктай жаран өз эрки менен иштеп берүүгө макулдугун билдирген. Учурда калгандары менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ош шаарында мамлекеттик жана менчик ооруканалардан тышкары, оорулуулар үчүн кошумча 600 орундук күндүзгү стационарлар ачылган. Алар ОшМУнун жатаканасында, бир катар мейманканаларда жана бир спорт комплекстин залында уюштурулган.

Ош шаары коронавирус илдетинин жайылышы жагынан Бишкектен кийинки орунда турат.

7-июлга карата Ош шаарында 32 адам коронавирус жугузганы катталды. Акыркы суткада шаардагы ооруканалардан 17 бейтап COVID-19 илдетинен айыгып чыккан. Каза болгондордун канчасы Ош шаарында катталганы тууралуу маалымат жок. (ZKo)