Кыргызстандагы архив кызматтары аралыктан иштөөгө өттү

Мамкаттоо.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте жайгашкан Архив агенттиги карантинге жабылды. Ал эми республикадагы архив кызматтары аралыктан иштөөгө өтүштү. Архив кызматтарынан маалымат жана кеңеш алыш үчүн жарандар Мамлекеттик каттоо кызматына же 119 номерине кайрылса болору айтылды.

Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирустан дагы төрт адам, ал эми пневмониядан 18 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 92 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 195 киши көз жумду.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек. Интернетте вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат.

Мындан тышкары социалдык тармактарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетиши, акыркы жумаларда оорудан каза болгондордун көбөйүшү үчүн бийликти айыптаган пикирлер көбөйүүдө.