Испанияда Саграда Фамилия чиркөөсү кайра ачылды

Саграда Фамилия чиркөөсү.

Испаниянын Барселона шаарында мындан төрт ай мурун коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган белгилүү Саграда Фамилия чиркөөсү көрүүчүлөр үчүн кайрадан ачылды. Шаар бийлиги алдыдагы эки аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү бул жайга эң биринчи кезекте COVID-19га каршы күрөшкөн дарыгерлер үчүн турлар уюштуруларын билдирди. Андан кийин полиция кызматкерлери жана кайрымдуулук менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарда иштегендер киргизилет. Алардан соң барселоналыктар үчүн эшигин ачат.

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин киришине үчүнчү баскычта гана уруксат берилмекчи.

Атактуу бул чиркөөнүн курулушу 1882-жылы испаниялык атактуу архитектор Антони Гаудинин долбооруна ылайык башталган, бирок эмгиче толук курулуп бүтө элек.

Испания Европадагы оору очогуна айланган өлкөлөрдүн бири. Жалпысынан бул өлкөдө коронавирус 250 миңден ашык адамга жугуп, илдеттен 28 миңден көп бейтап көз жумду.