Дүйнөдө бир күндө 210 миңден ашык адамдан вирус аныкталды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы суткада коронавирус жуктуруп алгандардын саны рекорддук чекке жеткенин кабарлады. Маалыматка ылайык, соңку бир күн ичинде дүйнө жүзүндө 212 326 адамдан вирус аныкталган. Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Бразилия, Индия турат. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 28-июнга туура келген. Анда 189 миңден ашык адамдан вирус аныкталган болчу.

Ал эми акыркы 24 саатта беш миңдей адам пандемиядан улам каза болду.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавирусту 11 миллион 200 миңдей киши жугузуп алды. Анын ичинен 530 миңден ашык бейтап ажал тапты. Пандемия акыркы учурда Латын Америкасында тездик менен жайылууда. Муну менен катар Түштүк Африкада, Индияда жана Жапониянын айрым аймактарында көбүрөөк катталып жатат.

4-июлда Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны 10 миңден ашты.

Ал эми абал турукташкан Британияда ишембиден тарта чач тарач, музей, ресторан, кинотеатрлар ишин жандантты. Өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон британиялыктарды санитардык эрежелерди унутпоого чакырды.