Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында миңдей адам өтө албай турат

Өзбекстан менен чектеш Казакстандын Түркстан облусундагы “Жибек Жолу” өткөрмө бекетинде миңден ашык адам өтө албай турат. “Азаттыктын” казак кызматы алар өзбек жана тажик мигранттары экенин жазып чыгышты.

Алар бир канча күндөн бери мекенине өтө албай турушканын айтышкан. Алар өткөрмө бекетке жакын жердеги автобус станциясынын имаратында баш калкалап жатышат. Өзбек жана казак жарандары Казакстанга иштөө үчүн келип, карантинге байланыштуу мекенине кайтууга аргасыз болгон.

Буга чейин да ушул өткөрмө бекетте ара жолдо калган тажик жарандары 20 күндөй жашаган эле.

Өткөн айда Миграция боюнча эл аралык уюм АКШнын, Норвегиянын жана ЮНИСЕФтин каржылык көмөгү менен «Жибек жолу» көзөмөл-өткөрмө бекетинде бир канча жумалап турган 635 тажик жаранын 14 автобус менен мекенине кайтарган болчу.

Коронавирус пандемиясынан улам казак-өзбек чек арасы март айынан тартып жабык турат.