Ош шаарынын бийлиги жума намазды мечиттерде окууга убактылуу тыюу салды

10-июлдан тартып 31-июлга чейин Ош шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намаз жамаат менен убактылуу окулбайт. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Мындай чечимди Жарандык коргонуу штабы вирусологдордун жана шаар казысынын катышуусунда талкуулагандан кийин кабыл алды.

«Шаардык казыят кандай чечим кабыл алынса да шаардыктардын саламаттыгы үчүн аны аткарууга даяр экенин билдирди. Чынында адам көп чогулуп жатат. Элдин коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алууга туура келүудө», - деди Абсаттаров.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 8-июндан тартып мечиттердин ишин жандандырышына уруксат берген.

Ага чейин пандемиядан улам 22-марттан тартып Кыргызстанда мечиттерде жума намаз окууга жана жамаат болуп чогулууга тыюу салынган.

Мурдараак Баткен облустук жана Жалал-Абад шаардык бийлик органдары да коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу жума намазды мечиттерде чогулуп окууну убактылуу чектегенин кабарлаган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 506 адам жаңы катталды. Алардын ичинен аймактарда катталгандар:

Бишкек шаарында – 230

Чүй облусунда – 151

Ош шаарында - 36

Ысык-Көл облусунда - 25

Жалал-Абад облусунда - 21

Баткен облусунда -19

Ош облусунда -14

Нарын облусунда – 9

Талас облусунда - 1 киши.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб акыркы бир суткада ооруканаларда 10 бейтап кайтыш болгонун билдирди.

Жалпысынан 18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6767 адамдан табылды. Алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып кетти. (DU)