БШК: Саясий партиялардын документтерин кабыл алуучу топ ишке киришти

Архивдик сүрөт.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен онлайн кеңешме өткөрүп, парламенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулады.

Президент шайлоонун бардык баскычтарында ачык-айкындуулук менен мыйзамдуулукту сакташ керек экенин айтып, саясий партиялар үчүн бирдей шарт түзүү зарылдыгын буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө белгилегенин кошумчалады:

«Биз укуктук жагынан жакшы даярдыктарды көрдүк. Бардык зарыл мыйзамдар күчүнө кирди. Эми негизги милдет - шайлоо процессинин бардык катышуучулары мыйзамды так сактап, ачык-айкын шайлоону өткөрүп алышы».

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, кеңешмеде шайлоо элдин саламаттыгын коргош үчүн бардык санитардык-карантиндик чараларды жана эрежелерди аткаруу менен өткөрүлүшү керек экени кеп болду. Бүгүнкү күндөн тартып шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ иштей баштаганы айтылды.

Партиялар үчүн талапкерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, үгүт иштери жана талаш-тартыштар боюнча семинарлар өткөрүлөрү маалым болду.

БШК төрайымы маалымдагандай, talapker.shailoo.gov.kg платформасы иштелип чыкты. Ага шайлоого катышкан партиялардын программалары, ар бир талапкер тууралуу маалыматтар, шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражат, анын чыгымдалышы тууралуу маалымат жайгаштырылып турат.

3-июлда президент парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Быйыл коронавирус эпидемиясынан улам жарыяланган өзөчө кырдаалга байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтпөй калган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары эки шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуш кылышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыка» билдиргендей, азырынча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү белгисиз.

Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өткөн. (RK)