Жээнбеков: Пандемия тереңдеп кеткен көйгөйдү ачыкка чыгарды, дарыгерлерди колдоону улантабыз (видео)

Сооронбай Жээнбеков.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен кыйынчылыктарды ачыкка чыгарды. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата тараткан кайрылуусунда айтты.

Президент азыркы кыйын учурдун негизги жүгүн дарыгерлер көтөрүп жатканын, алардын арасында милдетин аткарып жүрүп каза болгондор бар экенин, медицина өкүлдөрүнүн эмгеги жогорку баага татыктуу экенин белгиледи.

Жээнбеков дарыгерлердин макамын жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин, аларды колдоо жана коргоо иши улантыларын кошумчалады. «Тармактагы кыйынчылыктарды жоюп, башкарууну жолго коебуз. Болбосо улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болорун баарыбыз ушул күндөрү көрүп жатабыз», - деди ал.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты. Расмий статистика боюнча төрт кызматкер каза болду. (RK)