Орусияда тыңчы катары соттолгон Пол Уиландын жаза мөөнөтү башталды

Пол Уилан.

Орусиянын Москва шаардык соту өткөн айда камактагы америкалык жаран Пол Уиланды 16 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүм 3-июлдан тартып күчүнө кирди.

Уиландын адвокаты Владимир Жеребенков Уилан өкүмгө каршы апелляциялык арыз бербей турганын жана жакын арада АКШда соттолгон орусиялыктарга айырбашталарынан үмүттөнөрүн айткан.

Бир эле учурда Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны болгон мурдагы деңиз аскери Пол Улиан 2018-жылы 28-декабрда кармалган. Ал Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин айткан. Америкалык жаранга АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган деген айып коюлган. Колго түшкөн маалында мамлекеттик сыр болуп эсептелген маалыматтар табылганы айтылган.

48 жаштагы Пол Уилан Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан «BorgWarner» аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган жана кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

Дооматтарды четке каккан Уилан «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп эсептейт.