«Онлайн университет» Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры жөнүндө китептин бет ачарын өткөрөт

Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдырына арналган китеп жарык көрдү. Бүгүн, 3-июлда «Кубатбек Жусубалиевдин жазуучулук тагдыры: чыгармачылыктагы эркиндик жана акыйкаттын жолу» деген китептин бет ачары онлайн форматта өтөт. Иш-чараны «Онлайн университет» платформасы уюштурууда.

Китептин автору, Борбор Азиядагы Америка университетинин Антропология программасынын доценти Мукарам Токтогулова «Азаттыкка» билдиргендей, бул эмгек беш бөлүктөн турат.

«Жазуучунун калыптанышына согуштан кийинки айыл турмушу, балалык кезде башынан өткөргөн драмалуу жашоо кырдаалдары, айылы Кердегей, чоң энеси жана Совет мектебиндеги билим, тарбия кандай таасир эткендиги баяндалды. Кыргыз совет адабиятындагы «ренессанстык доорду» жараткан «алтымышынчылардын» көрүнүктүү өкүлү катары Жусубалиев улуттук адабиятыбызга кандай темалык, образдык, стилдик жана көркөм-эстетикалык жаңылыктарды алып келгендиги талданды. Чыгармачылыкта эркиндикти туу туткан жазуучунун тагдырына советтик цензуранын тийгизген кедергиси белгиленди. Мындан сырткары, жазуучунун көп кырдуу изденүү багыттары талданып, эгемендик жылдарында акыйкаттын жолун таанууга дитин буруп, жалгыздыкты тандаганы жана ошол изденүүлөрү «Авангарддык ырларында» кандай чагылдырылганы айтылды. Ошондой эле кайра куруу жылдарынан баштап эркин маалымат кызматын түптөөгө кошкон салымына баа берилди», - деди ал.

Китептин жооптуу редактору - Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, профессор Осмонакун Ибраимов, рецензенттер - филология илимдеринин доктору, профессор Аида Эгембердиева жана Кыргызстандын маданиятына эмгек синирген ишмер, филология илимдеринин доктору, Талантаалы Бакчиев.

«Онлайн университет» «Үйрөнүүнү үйрөн» урааны алдында иш алып барат. Ал мектеп мугалимдерине, жогорку окуу жайларынын окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган вебинарларды, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөлөрүн жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет. (MSd)