Боронов: жатаканаларда жана «Манас» аэропортунан кошумча орундар даярдалууда

Сооронбай Жээнбеков жана Кубатбек Боронов.

Кыргызстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу бүгүн кечке чейин бир катар окуу жайларынын жатаканаларынын базасында 750 орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча орун даяр болот.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен эпидемиологиялык кырдаалды талкуулап жатып билдирди.

Ал Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб, Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жасап жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Бороновдун айтымында, ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин дараметин арттыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги медициналык окуу жайларынын жогорку курстарынын студенттерин жана ординатурада окугандарды ишке тартуу аркылуу чечилип жатат. Калкка медициналык кеп-кеңеш берүү бөлүгүндө «118» кызматынын ишмердиги күчөтүлдү.

Премьер-министр пандемияга карабастан мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акы өз убагында төлөнөрүн билдирди.

Жээнбеков бүгүнкү күндө эң биринчи милдет - вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөш жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу экенин белгиледи.

Жалпысынан COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 879га жетти, алардын 446сы айыгып, ооруканадан чыккан, үчөө кайтыш болгон.

Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүш керек экенин 26-июнда билдирген.