Кыргыз IT адистерине дем берген «Fitjab»

«Fitjab» тиркемеси

Кыргызстандык программисттер жасаган стартап долбоор - мобилдик фитнес-тиркеме 5 миллион долларга бааланды.

Учурда «Fitjab» мобилдик тиркемесинин IOS жана Android платформаларында 50 миңдей колдонуучусу бар. Алардын көбү АКШдан, Сауд Арабиясынан, Египеттен жана Малайзиядан болот. Стартаптын негиздөөчүлөрүнүн бири Эрик Абдыкалыков тиркеме тууралуу буларды айтып берди:

«Фитжаб – бул мусулман айымдарга арналган дүйнө боюнча биринчи фитнес-тиркеме. Анын жардамы менен бардык ыңгайлуу жерлерде көнүгүү жасаса болот. Каалаган маалда, атайын спорт жабдыктары жок эле машыкса болот. Видеодогу көнүгүүлөр дене бойду жапкан кийимчен жасалат. Демек, аудиториябыздын баалуулуктарына дал келет».

Эрик Абдыкалыков жана Никита Рыжих


Стартаптын негиздөөчүлөрү динчил айымдар арасында спортту жайылтууну көздөшөт. Мындай тиркемени жаратууга спорттук мелдештеги окуя себеп болгон. 2019-жылы кыргызстандык Никита Рыжих ​дүйнөлүк IRON MAN триатлонуна катышып жатып, таң калтырган көрүнүшкө күбө болот.

«Өткөн жылы IRON MAN деген дүйнөлүк триатлон мелдешине катышкам. Анда бир айым мени нес кылды. Ал хижабчан 2 чакырым сүзүп, 90 чакырымды велосипед менен багындырып, 21 километрди чуркап өттү. Күндүн ысыгы 40 градус эле. «Мындай айымдар көп болсо гана», - деп абдан тамшандым».

Мобилдик тиркеме былтыр даярдала баштап, ошол эле жылы күзүндө Стамбулдагы «Стартап-2019» көргөзмөсүнө катышкан. Эрик Абдыкалыков буларды айтып берди:

«165 миң катталуучунун арасынан биздин стартап 100 мыктынын тизмесине кирди. Бул - абройлуу стартап конференция. Анын жүрүшүндө эң мыкты 10 долбоордун арасына кирдик».

Дал ошол конференцияда стартап америкалык инвесторлордун купулуна толуп, кызматташуу тууралуу сунуш түшкөн. Жыйынтыгында жакында Нью-Йоркто инвесторлор менен 5 миллион долларлык каржылоо келишимине кол коюлган.


Тиркемени Бишкектеги Жогорку технологиялар паркынын резиденттери жасап чыгышкан. Жогорку технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров бул жетишкендикти Кыргызстан үчүн чоң жеңиш катары баалады:

«"Локалдуу жасап, глобалдуу ойлон" деп коюшат эмеспи. Азыр биздин жаштар глобалдуу да ойлонуп, глобалдуу да жасап атат. Кыргызстанда жашап, бирок дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны жасаганга аракет кылуудабыз».

Жогорку технологиялар паркында 726 адис эмгектенет, алардын көбү програмисттер жана IT-адистери. Өндүрүштүн басымдуу бөлүгү экспортко багытталган. Пандемияга карабай, Жогорку технологиялар паркынын үч айлык кирешеси 247 миллион сомду түзүп, былтыркыга караганда киреше 15 пайызга өскөн:

«2019-жылы 1 миллиард сомго жеттик, 2018-жылы болсо 681 миллион сом болгон. Ылдам өсүп келатабыз, бирок бул жылы кризис болуп атпайбы, компанияларыбыз онлайн иштеп жатат. Өсүш анча көп болгон жок, бирок биринчи квартал боюнча киреше 15 пайызга өстү. Бир жагынан караганда кризис, экинчи жагынан программисттерибиз ишин токтоткон жок. Жумушсуз калбайбыз, иш толтура, програмисттерибиз үйүнөн чыкпай иштеп жатышат».

Дагы караңыз Дүйнөдөгү эң популярдуу IT кесиптер


Соңку жылдары программалоо курстарына болгон кызыгуу кескин жогорулаганын «Codify Lab IT» академиясынын негиздөөчүсү Динара Руслан да белгилейт. Анын айтымында, жаштар мурун окуу жайга тапшырууда экономика, юриспруденцияга көп барышса, азыр программалоону тандагандар да, IT-компаниялар да көбөйүүдө. Анын айтымында, учурда дүйнө жүзүндө барктуу болуп жаткан кесиптин ээсине айлануу үчүн жарым жылдык убакыт талап кылынат.

«Мисалы, биздин академияда курстар 6 айга созулат. «JavaScript» же «Phyton» тилдеринде программалоону үйрөнүш үчүн дал ушундай убакыт зарыл. Бирок IT-тармагы – бул жалаң эле код жазуу эмес да, бир топ башка шериктеш кесиптерди да камтыйт: графикалык дизайн, веб-дизайн, проект-менеджерлик да маанилүү», - деди Динара Руслан.

Динара Русландын ою боюнча, «Fitjab» тиркемесинин ийгилиги жергиликтүү IT-компанияларды глобалдык продукция жасап, кенен ойлонууга шыктандырган өзгөчө окуя болду.

Кыргызстандык программисттер IT тармагынын өнүгүшү улуттук экономикага салым кошуудан тышкары жумушсуздукту азайтып, миграция агымын токтотуп, акылдуулардын өлкөдөн кетишин да токтото турганына ишенишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​