Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан белгилүү математик-окумуштуу Батырбек Дуулатовдун сөөгү бүгүн 2-июлда Жумгалда, өзү туулуп-өскөн Түгөл-Сай айылында жерге берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындары кабарлашты.
Алардын айтымында, Батырбек Дуулатов карантин жарыялангандан бери аралыктан онлайн иштеп жатып, жакында эле эмгек өргүүсүнө чыккан.
Физика-математика илимдеринин кандидаты, мыкты математика мугалими Дуулатов 30-июнда 59 жашка чыккан.
1978-жылы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) механика-математика факультетине өтүп, окуусун кийин Москва мамлекеттик университетинде (ММУ) уланткан жана бул окуу жайын “Математика” адистиги боюнча 1984-жылы аяктаган. 1995-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты болгон, 2002-жылы доцент наамына татыган.
1984-1990-жылдары Улуттук Илимдер академиясынын Автоматика институтунун ага инженери, 1990-1997-жылдары ошол эле мекемеде кенже илимий кызматкер болуп иштеген.
1997-жылдан бери Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Кыргыз-Европа факультетинде иштеп келди. Мындан тышкары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Экономика факультетинде сабак берчү.
2003-жылы Франциядагы Гренобль университетинде кошумча билим алган. Жалпы 18 эмгеги жарык көргөн, анын үчөө окуу куралы жана бирөө мектеп окуучулары үчүн жазылган окуу китеби.
Батырбек Дуулатов поэзия ышкыбозу эле, мыкты шахматчы болчу. (RK)