ЕККУ казак активистине карата сот өкүмүн сынга алды

Альнур Ильяшев.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) казакстандык активист Алнур Ильяшевге карата чыккан сот өкүмүн сынга алды.

Уюмдун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун директору Ингибьерг Сольрун «Твиттердеги» билдирүүсүндө ЕККУнун курамындагы өлкөлөрдү «укук коргоочулардын укуктарын коргоого» жана «ар бир жарандын укугун сыйлоого» чакырды.

Активист Ильяшев 22-июнда «өзгөчө абал учурунда жалган маалымат таратты» деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Андан тышкары 100 саат коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилип, беш жылга чейин коомдук жана саясий ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

43 жаштагы Ильяшев быйыл апрелде камакка алынган. Ал соцтармактарга бийликтеги «Нур Отан» партиясынын коррупциялык иштерин, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү чабалдыгын сындап чыккан эле.

Өткөн аптада активистке карата чыгарылган өкүмдү АКШ Мамлекеттик департаменти, «Amnesty International» (AI) жана «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышкан. Мамдепартамент казак бийлигин активисттин укуктарын калыбына келтирүүгө чакырса, AI Ильяшев эч кандай кылмыш кылбаганын белгилеген. Мындан тышкары уюм казак бийлигин пандемияны «нааразы болгондордун үнүн басыш үчүн колдонуп жатат» деп айыптаган.

Казакстанда коронавируска байланыштуу 16-мартта киргизилген өзгөчө абал режими 11-майга чейин күчүндө болгон.

Казакстан ЕККУга 1992-жылы мүчө болуп кирген.