Жээнбеков коронавирустан кайтыш болгон дарыгердин жакындарына көңүл айтты

Маркум Жамал Тазабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгону айтылган дарыгер Жамал Тазабекованын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин сайты жазды.

«Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти. Биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү - бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз»​, деген Жээнбеков маркум Жамал Тазабекова өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, пандемия менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун белгилеген.

30-июнда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алгандыктан 22-июнда Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери наамына татыган адис, эки баланын энеси Тазабекова 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. ИИМдин дарылоо борборунда 1982-жылдан бери эмгектенип келген. (NT)