Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң көп көрсөткүчкө жетти. 1-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, кечээтен бери 439 бейтап жаңыдан катталды.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 195 адам. Чүй облусунда 175, Жалал-Абад облусунда 24, Баткен облусунда 13, Талас облусунда 12, Нарын облусунда 10, Ош шаарында жана Ош облусунда бештен адам.
Бир сутка ичинде беш бейтап каза болду: Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 57 жана 67 жаштагы эки эркек бейтап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 60 жаштагы эркек бейтап, Чүйдөгү Москва аймактык ооруканасында 70 жаштагы эркек бейтап, Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында 72 жаштагы аял бейтап.
Илдеттен дарыланып жаткан 73 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 1-июлга чейин өлкөдө коронавирус 5735 адамдан табылды, алардын ичинен 62 бейтап кайтыш болду, 2447 бейтап айыгып кетти. (RK)